Жаңылыктар

08.08.2024 12:54

   Кароолор: 509

ӨРТ КООПСУЗДУГУ САКТАЛДЫБЫ?.. СООДА ТҮЙҮНДӨРҮ ТЕКШЕРИЛИП, ЭСКЕРТҮҮЛӨР БЕРИЛҮҮДӨ

Өткөн аптада ӨКМдин Өрттү көзөмөлдөө боюнча кызматынын Ысык-Көл жана Нарын облустары боюнча башкармалыгы аймактагы базар, тойкана, соода борборлору жана башка эл көп чогулган жерлерде пландан тышкары текшерүүлөрдү жүргүзөт.

Каракол шаарынын мэриясынын кайрылуусунун негизинде аталган кызматтын жетекчиси Э.Тойтонов жана улук инспектор Б.Өмүрбеков Каракол шаарындагы "Ак-Тилек плюс" базарын текшеришти.

Ысык аптапта эл көп чогулуучу соода түйүндөрүндө өрт чыгып кетиши толук мүмкүн. Андыктан базар өрт коопсуздук эрежелерине, талаптарына ылайык жайгаштырылганы каралды.

Текшерүүнүн жүрүшүндө базардагы өрт коопсуздугу боюнча кемчиликтерге акт түзүп, бузууларды жоюуга мөөнөт чектеп, эскертүү беришти. Эгерде эскертүүлөр өз убагында аткарылбаса, “Кыргыз Республикасынын Укук бузуу” Кодексине ылайык айып пул салынат.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу