Жаңылыктар
09.09.2024 12:55
Кароолор: 519
ӨРТ КООПСУЗДУГУ БОЮНЧА ТҮШҮНДҮРҮҮ ИШТЕРИ ЖҮРГҮЗҮЛДҮ
Өрт коопсуздук эрежелерин сактоо максатында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош шаары боюнча башкармалыгынын офицерлери коомдук тамактануучу жайларда, турак жай секторлорунда жана май куюучу жайларда түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.
Анда жарандарга өрт кырсыктарын алдын алуу жолдору жана тилсиз жоодогу алгачкы аракеттер тууралуу лекциялар өтүлдү.
Түшүндүрүү иштеринин алкагында коопсуздук эрежелерин сактоо боюнча атайын сунуш баракчалары таркатылды.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР