Жаңылыктар

28.02.2025 16:50

   Кароолор: 193

ӨРТ КООПСУЗДУГУ БОЮНЧА ТЕКШЕРҮҮ ЖҮРГҮЗҮЛДҮ

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Өрттү көзөмөлдөө кызматы тарабынан өлкөдөгү медициналык мекемелерде өрт коопсуздугун камсыздоо максатында пландан тышкаркы текшерүү иштери уланууда.

2025-жылдын 27-февралында ӨКМдин Өрттү көзөмөлдөө кызматынын инспекторлору жана Араван райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн кызматкерлери райондук жалпы дарыгерлер практика борборун текшерип, мекемеде өрт коопсуздугу боюнча белгиленген ченемдердин, эрежелердин жана талаптардын аткарылышын көзөмөлдөштү.

Текшерүүнүн жүрүшүндө төмөнкү өрт коопсуздугуна байланыштуу кемчиликтер аныкталды:

🔹 Сырткы жана ички өрткө каршы суу булактары камсыздалган эмес;

🔹 Өрттү кабарлоочу автоматтык жабдыктар орнотулган эмес;

🔹 Имараттын чатырлары өрттөн коргоочу суюктук менен иштетилген эмес;

🔹 Оорукананын башкы кирүү жолундагы дарбазаны өрт өчүрүүчү унаалардын өтүүсүнө ыңгайлаштыруу зарыл;

🔹 Электр чубалгыларын жана жабдыктарды орнотуу боюнча коопсуздук талаптары (ПУЭ) сакталган эмес;

🔹 Өрт коопсуздугу боюнча бир катар режимдик иш-чаралар аткарылган эмес.

Текшерүүнүн жыйынтыгында аталган кемчиликтерди 30 күндүн ичинде жоюу боюнча мекемеге жазуу түрүндө эскертүү берилди.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу