Жаңылыктар

05.02.2025 15:47

   Кароолор: 354

ӨРТ КООПСУЗДУГУ БОЮНЧА КУРУЛУШЧУЛАРДЫН ЖООПКЕРЧИЛИГИ КҮЧӨТҮЛӨТ

Көп кабаттуу турак жайлардын курулушун пландоо жана долбоорун түзүүдө, өрт коопсуздугу боюнча ченемдердин аткарылбай жатканы учурдун көйгөйлүү маселелерине айланды. Мындай билдирүү бүгүн, 5-февралда ӨКМдин Өрттү көзөмөлдөө кызматы борборубуздагы айрым курулуш компаниялардын өкүлдөрү менен жолугушуусунда айтылды.

Кеңешмеде ӨКМ адистери курулуш иштеринде өрт коопсуздук эрежелеринин сакталышын камсыз кылуу, жаңы курулган имараттарды эксплуатацияга берүүнүн тартибин жана жол-жобосун аныктоо, имараттарга электр жарыгын киргизүүгө (монтаждоо) лицензия берүү, ошондой эле курулуш материалдарынын өрткө туруктуулугун аныктоо боюнча лабораториялык корутунду алыш керектиги жөнүндө түшүндүрмө беришти.

Адистер белгилегендей, курулуш долбоорлорун туура эмес пландоо, өрт өчүрүүчү жабдуулардын толук эмес камсыздалышы, өрттү өчүрүүгө дайындалган суунун жоктугу, адамдык жана техногендик факторлор көп кабаттуу үйлөрдөгү акыркы өрт кырсыктарынын катталышына алып келди.

Буга байланыштуу бийик имараттарга сигнализация коюучу, электр жарыгын орнотуучу фирмалардын лицензиясын талап кылуу сунушталды. №678 токтомдун 60-пункту боюнча лицензия берүү нормасы каралган. Бул кырсыктын алдын алууга жана жоопкерчиликти күчөтүүгө шарт түзмөкчү. Мындан тышкары көзөмөлдү күчөтүүчү жаңы нормалар боюнча дагы маалыматтар берилди.

Ал эми курулушчулар тарабынан бирин бири кайталаган органдар көбөйгөнүн, Мамлекеттик курулуш жана архитектура агенттиги менен ӨКМден уруксат кагаздарын алууда “бирдиктүү терезе” болсо деген сунуштардын айтышты. Ошондой эле ӨКМдин сунуш кылган жаңы нормалары, талаптары боюнча нормативдик укуктук актыларын алууга кызыгышты.

Эки тараптуу мындай пайдалуу кеңешмелерди дагы өткөрүп туруу пикирлери айтылып, материалдык чыгымдарды болтурбоо, адам өлүмүнө жеткирбөө жана кырсыктардын алдын алуу үчүн ар тараптуу аракеттер болушу керектиги белгиленди.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу