Жаңылыктар

06.11.2024 15:05

   Кароолор: 256

ӨРТ КАТТАЛГАН ӨЗГӨНДҮН БОРБОРДУК БАЗАРЫНДА ТҮШҮНДҮРҮҮ ИШТЕРИ ЖҮРГҮЗҮЛДҮ

ӨКМдин Ош облусу боюнча башкармалыгынын, Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким, райондук Жарандык коргонуунун башчысы Апбасов Каныбек Сагынбекович жана райондук Жарандык коргонуу кызматтарынын катышуусунда 2024-жылдын 3-ноябрь күнү Өзгөн шаарында жайгашкан борбордук базардында түшүндүрүү иштери өттү.

Иш-чарада штаб өткөрүлүп, борбордук базардагы өрт кырсыктарын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча тапшырмалар берилди жана Өзгөн райондук борбордук базардагы соода-сатык жүргүзгөн жарандар менен жеринде жолугушуп, өрт коопсуздугу боюнча талаптарды аткаруу керектиги жөнүндө түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Андан сырткары, Ош облусунун бардык райондорундагы борбордук базарларында, эл көп чогулган коомдук жерлерде өрт кырсыктарынын алдын алууга багытында өрт тактикалык машыгууларды өткөрүү боюнча жана үгүт-насаат иштерин жүргүзүү максатында райондук бөлүмдүн башчыларына тиешелүү тапшырмалар берилди.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу