Жаңылыктар
13.12.2023 09:06
Кароолор: 789
ӨРТ ЧЫККАН АЙМАКТАН 60 АДАМ ЭВАКУАЦИЯЛАНДЫ
Бишкек шаарынын Октябрь районундагы А.Токтоналиев көчөсүндөгү көп кабаттуу үйлөрдүн биринин подъездиндеги электр калканынан өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Өрттү өчүрүүгө таңкы саат 6:14тө жана 6:35те 2 күжүрмөн эсеп, буга кошумча саат 6:36да Ленин районунан дагы 1 күжүрмөн эсеп жана Штаб тартылып, жеринде иш алып барды.
Өрт өчүрүүчүлөдүн күжүрмөн аракети менен өрт кырсыгы саат 7:32де чектелип, саат 8:09да толук өчүрүлгөн. Өрттүн кесепетинен 2-кабаттан 12-кабатка чейинки подъездеги электр калкандары күйүп кеткен.
Куткаруучулар өрт болгон аймактан болжол менен 60 адамды эвакуациялашкан. Бактыга жараша тилсиз жоодон жабыркагандар жок.
Учурда чыгымдары такталууда.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР