Жаңылыктар
10.08.2025 21:05
Кароолор: 321
ОРОК АЙЫЛЫНДАГЫ ИРИ ӨРТ ТОЛУГУ МЕНЕН ӨЧҮРҮЛДҮ
Бишкектин чет жакасындагы Орок айылындагы тоо боорунан чыккан өрт саат 20:25те толук өчүрүлдү. КР ӨКМнин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын ыкчам нөөмөтчүсүнүн берген маалыматына ылайык, өрттүн жалпы аянты болжол менен 100 га түзгөн. Жабыркагандар жок.
Өзгөчө кырдаалдар министри, генерал-майор Бообек Ажикеевдин көзөмөлү алдында өрттү өчүрүүгө ыкчам жана күжүрмөн аракеттер көрүлдү.
Белгилей кетсек, бүгүн, 10-августта аталган тилкеде ири өрт чыгып, 5 күжүрмөн эсеп, штаб тартылган.
Алдын ала маалымат боюнча өрт чылым чегүүдөгү жоопкерчиликсиз мамиледен келип чыккан.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР