Жаңылыктар
19.02.2025 15:07
Кароолор: 303
ООРУКАНАЛАРДА ӨРТ КООПСУЗДУГУ САКТАЛГАНБЫ?..
Бүгүн ӨКМдин Өрттү көзмөлдөө кызматына караштуу Жалал-Абад облусу боюнча бөлүмүнүн испекторлору, шаардык ӨКБнүн офицерлери менен Жалал-Абад облустук биргелешкен ооруканасында өрт коопсуздук ченемдеринин, эрежелеринин, талаптарынын аткарылышы жана сакталышы көзөмөлгө алынды.
Ооруканадагы бөлүмдөр тыкыр көзөмөлгө алынып, алгачкы өрт өчүрүүчү каражаттары, эвакуация планы, өрттү автоматык түрдө табуучуу жана кабарлоочу орнотмолору, техникалык коопсуздук боюча нускама журналдары, ыктыярдуу өрт өчүрүү кошуундарынын иш кагаздары текшерилди.
Жыйынтыгында айрым кемчилдиктер аныкталып, 30 күн ичинде калыбына келтирүү боюнча эскертүүлөр жазуу түрүндө берилди.
Белгилей кетсек, 2025-жылдын 17-февралдан тарта облус аймагындагы Саламаттык сактоо министрилигине караштуу бардык ооруканалар КР ӨКМне караштуу Өрттү көзөмөлдөө боюнча кызматтынын испекторлору жана КР ӨКМнин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын район, шаардык түзүмдүк бөлүктөрүнүн офицелери менен биргеликте текшерүүгө алынат.
Жыйынтыгында аныкталган кемчилдиктер жоюлбаса, оорукана жетекчилигинин кызмат ордун кароо боюнча тиешелүү жактарга сунуштамалар берилмекчи.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР