Жаңылыктар
17.02.2025 19:30
Кароолор: 149
ООРУКАНАЛАРДА КҮЧӨТҮЛГӨН ТЕКШЕРҮҮ БАШТАЛДЫ
Министрлер Кабинетинин протоколдук тапшырмасынын негизинде 2025-жылдын 17-февралынан тартып, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Өрттү көзөмөлдөө кызматы республикадагы Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу мекемелерди өрт коопсуздугу боюнча пландан тышкары күчөтүлгөн текшерүүнү баштады.
Текшерүүнүн натыйжасында бузууларды четтетүү боюнча жазма буйруктар берилүүдө. Анын аткарылышы иштин көлөмүнө жараша 3 күндөн 30 күнгө чейин убакыт берилет. Контролдук текшерүүнүн жыйынтыгында аныкталган бузуулар аткарылбаган учурда, Бузуулар кодексинин 143-беренсенин негизинде административдик чара тактап айтанда, 23 миң сом пул салынат.
Белгилей кетсек, мындай текшерүүлөр үстүбүздөгү жылдын 11-февралында Бишкек шаарынын Биринчи Май районундагы Улуттук жүрөк хирургиясы жана органдарды алмаштыруу илим изилдөө институтунда кайгылуу окуя менен коштолгон өрт кырсыгына байланыштуу, мындан ары ири тилсиз жоонун кайталанышына жол бербөө аракетинде уюштурулууда.
Текшерүүнүн максаты – саламаттыкты сактоо мекемелеринде өрт коопсуздук ченемдеринин, эрежелердин талаптарынын аткарылышын көзөмөлдөө, мындан ары да өрт кырсыктарынын алдын алуу, ири материалдык чыгымдарды болтурбоо жана адам өлүмүнө жеткирбөө болуп саналат. Текшерүүнүн натыйжасында аныкталган эреже бузуулардын жоюлушун камсыз кылуу чаралары күчөтүлөт.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР