Жаңылыктар

11.02.2025 23:37

   Кароолор: 587

ООРУКАНАДАН ЧЫККАН ӨРТ 23:15те ӨЧТҮ. 260 АДАМ ЭВАКУАЦИЯЛАНГАН

Улуттук жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илим-изилдөө институтунда чыккан өрт кырсыгын Өзгөчө кырдаалдар министри, генерал-майор Бообек Ажикеев өзү жеринде көзөмөлдөдү.

Министр имараттагы абал менен таанышып, дарылануучулардан кабар алды.

Саат 22:33тө өрт чектөөгө алынып, өрт өчүрүүчүлордүн күжүрмөн аракети менен 23:15те толук өчүрүлдү. Кырсыктан 260 адам коопсуз жайга эвакуацияланды. Алардын 216сы дарылануучулар, ал эми 44ү дарыгерлер.

Белгилей кетсек, Бишкек шаарынын Биринчи Май району. маалымат боюнча, Тоголок Молдо көчөсүнүн №3/2 дарегинде жайгашкан имараттан чыккан өрттү өчүрүүгө Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Бишкек шаардык башкармалыгынын өрт өчүрүүчү 6 күжүрмөн эсеби, 2 автошатысы тартылган.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу