Жаңылыктар

08.12.2024 11:12

   Кароолор: 327

ООР ЖҮК ТАШУУЧУ УНААЛАРГА УБАКТЫЛУУ ЧЕКТӨӨ КИРГИЗИЛГЕН

Бишкек-Ош унаа жолунда кар жаап жана жол тайгак болуп жаткандыгына байланыштуу, кырсыктарды алдын алуу, жарандардын кырсыкка кабылуусуна жол бербөө жана жол тыгындарын болтурбоо максатында, Жайыл районунун "Сосновка" постунда оор жүк ташуучу унаалардын бардык түрүнө саат 07:20дан тартып убактылуу чектөө киргизилди.

Ал эми Токтогул районунун "Арал" постунда оор жүк ташуучу унаалардын бардык түрүнө саат 03:00дөн тартып убактылуу чектөө киргизилген.

Унаа жолдун абалы жакшырган учурда чектөө алынат. Кошумча маалымат берилет.

КР КМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу