Жаңылыктар

15.02.2024 10:23

   Кароолор: 478

ООГАНСТАНДАГЫ ОТ ЖАНГАН АПААТ

ООГАНСТАНДАГЫ ОТ ЖАНГАН АПААТ

 

Советтик аскерлердин Ооганстандан чыгарылганына 35 жыл

1989-жылдын 15-февраль күнү дээрлик 10 жылга созулган Ооган согушу аяктап, Советтик Армиянын чектелген аскердик контингенти Ооганстандан чыгарылган.

Ооган согушунда курман болгон мекендештерибизди эскерип, алардын өлбөс-өчпөс эрдигине таазим кылып, Ооган согушунун ардагерлерине урмат көрсөтүү күнү катары салтка айлантып келебиз.

Кан күйгөн Ооган согушуна аттанган 7 миңден ашуун кыргызстандыктын 300гө жакыны баатырдык көрсөтүп, курман болушса, 1500 жоокер жарадар болуп, 4 жоокер дайынсыз жоголгон.

КР ӨКМ ПРЕСС-ЦЕНТР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу