Жаңылыктар
13.05.2026 00:01
Кароолор: 73
ӨМҮР - БААРЫНАН КЫМБАТ: КУТКАРУУЧУЛАР ДАГЫ БИР АДАМДЫН ӨМҮРҮН САКТАП КАЛЫШТЫ
Бишкек шаарынын Чыгыш-5 кичи районунан белгисиз аял өз өмүрүнө кол салууга аракет кылып жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Чакыруу түшөөрү менен ӨКМдин куткаруучулары окуя болгон жерге ыкчам жетип барышкан. Алардын кесипкөйлүк жана ыкчам аракеттеринин натыйжасында жаран аман-эсен куткарылып, андан ары КР ИИМ кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.
Ар бир сакталган өмүр - бул чоң жеңиш. Куткаруучулардын негизги милдети - ар кандай өзгөчө кырдаалдарда адамдарга жардам көрсөтүү жана адам өмүрүн сактап калуу.
КР ӨКМи жарандарды кайдыгер болбоого чакырат. Эгер кооптуу кырдаалга күбө болсоңуздар же кимдир бирөөгө жардам керек болсо - дароо «112» кызматына кабарлаңыздар 