Жаңылыктар

14.05.2024 17:38

   Кароолор: 726

ӨМҮР... АЛГАЧКЫ МЕДИЦИНАЛЫК ЖАРДАМ КӨРСӨТҮҮНҮ БИЛЕСИЗБИ?

Биринчи медициналык жардам канчалык тез жана туура көрсөтүлсө, адамга экинчи өмүр тартуулайсыз. Кырсыктаган адамдын өмүрүн сактап калууда алгачкы жардам зор өбөлгө.

Күтүүсүз кырсык же курч оору үйдө, көчөдө, унаада, ишкана-мекемелерде, спорт аянтчасында, эс алуу учурунда капыстан кармашы мүмкүн. Андыктан ар бирибиз медициналык билимдин бар же жогуна карабастан, биринчи медициналык жардам ыкмаларын билүүбүз зарыл.

Республикалык Өзүнчө куткаруу отрядында ден соолукка байланышкан иш-чаралар ар дайым өткөрүлөт. Ал эми бүгүнкү сабактын аталышы “Жасалма дем алдыруу". РӨКОнун медицина кызматынын башчысы, улук лейтенант М.Омурзаков өпкөгө жасалма дем алдыруу жөнүндө практикалык сабагын өздүк курамга өттү.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу