Жаңылыктар
09.12.2024 18:05
Кароолор: 158
ӨЛКӨНҮН ТҮШТҮГҮНДӨ АВТОМАТТАШТЫРЫЛГАН МЕТЕОРОЛОГИЯЛЫК СТАНЦИЯЛАР АЧЫЛДЫ
Бүгүн, 9-декабрь күнү Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасынын көмөгү менен Европа Биримдиги тарабынан каржыланып жаткан «Борбордук Азияда климаттын өзгөрүшү жана туруктуу өнүгүү» долбоорунун алкагында автоматташтырылган метеорологиялык станциялар ачылды.
Баткен облусунун Кадамжай районундагы Майдан айылында алдын ала эскертүү системасынын метеостанциясын ачуу расмий уюштурулса, башка райондогу автоматташтырылган станциялар онлайн ишке киргизилди. Ал суу ташкындары жана жер көчкүлөр сыяктуу табигый коркунучтарга мониторинг жүргүзүү жана болжолдоо үчүн маалыматтарын чогултат. Бул станциялар Борбордук Азиядагы климаттык жактан эң аялуу аймактарында жашаган тургундарын коопсуздугун коргоого жардам берет.
Баса белгилей кетсек, бул күнү ушундай эле станциялар Жалал-Абаддын Сузак районундагы Барпы айыл аймагында, Ош облусундагы Ноокат районунун Жаңы-Ноокат айыл аймагында, Баткендин Кадамжай районунун Майдан жана Орозбеков айыл аймактарында орнотулган автоматташтырылган метеорологиялык 4 жана 1 гидрологиялык станциялары ачылды.
Долбоордун негизги максаты – Борбордук Азиядагы Фергана өрөөнүнүн аялуулугун азайтуу жана климаттык коркунучтарга Кыргызстандын туруктуулугун жогорулатуу. Аталган долбоор Борбордук Азиянын Кыргыз Республикасынын, Тажикстан жана Өзбекстандын пилоттук аймактарында аткарылууда. Анын натыйжасында табигый коркунучтарга мониторинг жүргүзүүнүн жана божомолдоонун улуттук мүмкүнчүлүктөрдү жакшыртып, климаттын өзгөрүшүнө адаптациялоо боюнча глобалдык аракеттерге маанилүү салым кошот.
Салтанаттуу ачылышка Европа Биримдигинин долбоорлор боюнча менеджери, Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасынын Кыргызстандагы туруктуу өкүлү, Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, Өзгөчө кырдаалдар министринин биринчи орун басары, Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү, божомолдоо департаментинин кызматкерлери, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү, долбоордун координаторлору жана эксперттери катышышты.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР