Жаңылыктар
01.02.2024 14:38
Кароолор: 1135
ӨЛКӨНҮН ТОКОЙ ЧАРБАСЫН ӨНҮКТҮРҮП, ЖАШЫЛ АЯНТЫН КЕҢЕЙТҮҮ ТАЛКУУЛАНДЫ
Кечээ, 31-январда Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Токой кызматынын 2023-жылда аткарган иштери туурасында коллегиясы өттү.
ӨК министри, генерал-майор Бообек Ажикеев жана министрликтин жетекчилик курамы, Токой кызматынын жетекчилиги ошондой эле өлкө аймагындагы токойчулар катышышты.
Жыйында алгач Токой кызматынын директорунун орун басары Надырбек Козубаев өткөн жыл ичиндеги өлкө аймагындагы токой чарбасынын ишмердүүлүгүн баяндап, 41 токой чарбасына жана 1 токой коргоо жана сактоо станциясынын аткарган иштерине кеңири токтолду.
Ал экме токойлорду тигүү, көчөтканаларда үрөн себүү жана көчөттөрдү отургузуу, кийинки жылдарга калктуу конуштарды жашылдандырууга, жашыл аянтты кеңейтүү үчүн көчөттөр менен камсыз кылуу, отургузулган экме токойлордун өнүмдүүлүгү туурасында кеңири баяндады.
Андан соң министрликтин башчысы Бообек Ажикеев токойчуларга кайрылды.
“Өлкөбүздө жашыл аянтты жандандыруу, экочөйрөнү өнүктүрүү максатында Мамлекет башчысынын Жарлыгынын негизинде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин карамагына кошулдуңуздар. Токой кызматын өнүктүрүүнү колго алабыз. Ага жараша аткаруу талабы жогорулайт. Кыргызстанда таза суунун кору болгон мөңгүлөрдү сактап калуу да жашыл аянтка, токойлорго байланыштуу”, - деген министр бул тармактагы коррупциялык иштерге көзөмөл катуу болорун эскертти.
Кыргызстандын климатын, кургакчылыкты, топурактын курамын эске алуу менен бекитилген 1510 гектар аянтты жашылдандырып, экме токойлорду эгип, көчөттөрдү тигип, анын оң натыйжасын көрүүнү тапшырды.
Жыйындын жүрүшүндө өлкө аймагындагы токойчулардын көйгөйү көтөрүлүп, алар менен жашыл аянтты көбөйтүү, токой ресурстарын сактоо, көчөттөрдү сатуу, өнүмдүүлүгү сыяктуу бир катар маселелер талкууланды.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР