Жаңылыктар

23.09.2025 11:21

   Кароолор: 93

ӨЛКӨНҮН КООПТУУ АЙМАКТАРЫН ТЕКШЕРҮҮ ЖАНА АЛДЫН АЛУУ ИШТЕРИ ЖҮРҮҮДӨ

Өзгөчө кырдаалдар министри, генерал-лейтенант Бообек Ажикеевдин тапшырмасы менен өлкө аймагында кооптуу тилкелерди аныктап, атайын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу иш-чарасы жүрүүдө.

Мындан улам министрликке караштуу башкармалыктардан, тиешелүүлүгүнө жараша атайын кызматтардан комиссия түзүлүп, сел-суу ташкындары катталчу тилкелерде, унаа жолдордогу көпүрөлөрдү, сел өтүүчү түтүкчөлөрдүн сыйымдуулугун изилдеп жатышат.

Комиссиянын чечими менен өткөн жылы аткарылган иштердин натыйжасында жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө, тиешелүү министрликке тапшырмалар берилет. Кооптуу деп табылган тилкелердин алдын алуу жана кесепеттерин жоюу максатында, келерки жылдын иш мерчемине сунушталат.

https://www.facebook.com/share/v/1Ckt5YYNrf/
Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу