Жаңылыктар

18.12.2023 17:05

   Кароолор: 366

ӨЛКӨНҮН ИРИ ШААРЛАРЫНДА ӨРТТҮН АЛДЫН АЛУУ ИШТЕРИ ЖАЙЫЛТЫЛДЫ

Кыш ызгаары менен өлкө аймагындагы соода борборлорунда, базарларда эл көп чогулган жайларда жылытуунун ар кандай түрлөрү колдонула баштайт эмеспи. Бул мезгилде өрт кырсыктары көп катталат. Көпчүлүк учурда эрежени сактабагандан тилсиз жоого кабылышат. Албетте ашыкча чыгымга тушугуп, ал тургай адам өлүмү менен коштолушу мүмкүн.

Өткөн апта соңунда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин адистери Борбор калаадагы “Дордой”, “Дордой-Моторс” базарларынын соодагерлерине, кардарларына жана шаар четиндеги жаңы конуштардын жашоочуларына, мечиттерде өрт коопсуздук эрежелерин жайылтышты.

Өрттүн алдын алуучу, үгүттөөчү адистештирилген унаа менен үн жаңыртып, нускама баракчалары да таркатылды.

Дал ушундай үгүттөө иш-чарасы өлкөнүн түштүгүндө уюшкандык менен өткөрүлдү. Алсак, Ош шаарындагы “Манас-Ата”, “Курманжан Датка” жаңы конуштарында, “Эрдем” мечитинде, "Бостон", "Бексултан" соода түйүндөрүндө, борбордук базарында соодагерлерге, кардарларга өрттүн алдын алууну, электр буюмдарын туура колдонууну сунушташты.

Ал эми Баткен шаарында "Айдарали" борбордук базарында жана шаардагы билим берүү мекемелеринде ИИМ кызматкерлери менен биргеликте түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Өлкөнүн ири шаарларында ӨКМдин атайын өрттүн алдын алуу жана пропагандалоо унаасы менен атайын өрт коопсуздук эрежелери тууралуу даярдалган видео, аудио маалыматтар жаңыртылып, атайын нускамалар таратылды.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу