Жаңылыктар

26.04.2025 12:00

   Кароолор: 289

ӨЛКӨНҮН ЭКИ ДУБАНЫНДА ЖЕР СИЛКИНДИ

Кыргызстандын Сейсмология институтунун такталган маалыматына ылайык, саат 16:37де өлкө аймагында MSK-64 шкаласына ылайык очогунда күчү 3,5 магнитудалык жер титиреди.

Нарын облусунун Кочкор районунун Семиз-Бел айылында 3,5 балл, Арсы, Кочкор, Кара-Тоо, Кара-Суу, Большевик айылдарында жана Орто-Токой суу сактагычынын аймагында 3 баллга ( Семиз-Бел айылынан 8 чакырым түндүк чыгышта, Орто-Токой суу сактагычынан 12 чакырым түштүк батышта, Кочкор айылынан 15 чакырым түндүк чыгышта, Балыкчы шаарынан 30 чакырым түштүк батышта) чейин сезилген.

Ал эми саат 16:32де Кыргыз Республикасынын аймагында MSK-64 шкаласына ылайык очогунда күчү 3 магнитудасына жеткен жер титирөө катталды.

Баткен облусунун Лейлек районунун Коргон айылында 2.5 баллга ( Коргон айылынан 6 чакырым түндүк чыгышта, Баткен шаарынан 50 чакырым түштүк чыгышта) чейин сезилген.

Учурда өлкөнүн эки дубанында жабыркагандар жана кыйроолор боюнча тактоо иштери жүргүзүлүүдө.

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу