Жаңылыктар

14.05.2024 11:21

   Кароолор: 679

ӨЛКӨНҮН БИРИНЧИ РАДИОСУНДА МИНИСТР БООБЕК АЖИКЕЕВ

Жазгы табигый кырсыктардын алдын алуу жумушу кандай жүрүүдө?

Өзгөчө кырдаалдар министри, генерал-майор Бообек Ажикеев бүгүн УТРКнын Биринчи радиосунда түз эфирде маек берди.

Эфирдин жүрүшүндө министрликтин жазгы табигый кырсыктардын алдын алуусу талкууланды. Анда апрель, май айларындагы сел кырсыктары, анын кесепеттерин жоюу жана материалдык чыгым жөнүндө маалымат берилди. Айрыкча селдин алдын алууда ар бир жарандын, жергиликтүү бийликтин, Жарандык коргонуу кызматтарынын жоопкерчилиги, түздөн-түз аткара турган жумуштарына басым жасалды.

Мындан сырткары республикада жер көчкү жана сел жүрүү кооптуулугу бар аймактарда жүрүп жаткан иштерге токтолду.

Маселен, учурда өлкөдө жер көчкү жүрүү кооптуулугу бар 4557 жер бар. Анын 1186сы калктуу конуштарга коркунуч жаратат. Ошондой эле 3442 сел жүрүү кооптуулугу бар жер бар болсо, анын 1273ү эл жашаган аймактарда.

Министрлик тарабынан кооптуу аймактардан көчүү боюнча калкка түшүндүрүү, кырсыктын алдын алуу жумуштары жигердүү жүрүп жаткандыгын билдирди. Ошол эле маалда мамлекеттен тиешелүү жер тилкесин, жардамын алып, көчпөй жаткан жарандар бар экендигине токтолуп, көйгөйлүү маселе экендигин баса белгиледи.

Министр өз сөзүндө өлкө башчысы Садыр Жапаровдун өзгөчө колдоосу менен техникалык мүмкүнчүлүк кыйла жогорулагандыгын жана бул табигый жана техногендик кырсыктардын алдын алуу, кесепеттерин жоюу ишинин натыйжалуулугун арттырганын билдирди. Маселен, соңку 3 жылда 700дөн ашуун атайы техника жана 3 тик учак алынды.

Баса белгилесек, эгемендүүлүктүн тарыхында республикалык бюджеттен сатып алынган тик учактар Кыргызстанда тоо туризмин өнүктүрүүдө өз жемишин берүүдө. Алсак чет элдик туристтер мекенибиздин асман тиреген тоолоруна чыгууда коопсуздук жагынан биздин адистерге кыйла ишеним артып калышты. Бул биздин мамлекетибиздин экономикасына чоң салым кошуп, туризмдин өнүгүшүнө жол ачты.

Ошондой эле министр угармандардан келген бир катар суроолорго жооп берип, кайрылууларды ыкчам түрдө жеринен чечип берди.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу