Жаңылыктар
30.12.2024 11:28
Кароолор: 177
ӨЛКӨДӨ ЖЕР ТИТИРӨӨ КАТТАЛДЫ
КР Сейсмология институтунун такталган маалыматына ылайык, бүгүн, 30-декабрь күнү саат 10:30да Кыргыз Республикасынын аймагында MSK-64 шкаласына ылайык очогунда күчү 3,5 магнитудасына жеткен жер титирөө катталды.
Жер титирөө Ош облусунун Алай районунун Сары-Таш айылында, Чоң-Алай районунун Тунук айылында, Баткен облусунун Баткен районунун Кан айылында 3 баллга чейин сезилген.
Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР