Жаңылыктар

29.08.2024 16:57

   Кароолор: 275

ӨЛКӨДӨ ЖЕР ТИТИРӨӨ КАТТАЛДЫ

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 29-август күнү саат 16:14дө өлкө аймагында MSK-64 шкаласы менен очогунда күчү 2,5 магнитудасына жеткен жер титирөө катталган.

Жер титирөө Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Тамга айылында 2,5 баллга (Тамга айылынан 13 чакырым түштүгүндө, Кажы-Сай айылынан 30 чакырым түштүк чыгышта) чейин сезилген.

Алдын ала маалыматка караганда жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу