Жаңылыктар

14.06.2024 13:04

   Кароолор: 146

ӨЛКӨДӨ ЖАРАНДЫК КОРГОНУУ ТУТУМУНУН ШТАБДЫК МАШЫГУУСУ ӨТКӨРҮЛДҮ

Мамлекет башчысы Садыр Жапаровдун Жарылыгы менен бекитилген “Жарандык коргонуунун 2024-жылга карата даярдык Планынын” жана Президенттик Администрациясынын Коллегиясынын чечиминин негизинде 13-14-июнда өлкө аймагында өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу, кесепеттерин жоюу, өрт, суу объектилеринде адамдардын коопсуздугун камсыздоодо күч-каражаттарды башкаруунун теориялык көндүмдөрүн өнүктүрүүчү Штабдык машыгуу өткөрүлдү. Негизинен бул жолку машыгууда өлкө аймагындагы ири жол кырсыгын болтурбоо, кесепеттерин жоюу, алдын алуу иштерине басым жасалды.

Маселен өлкөдө өзгөчө кырдаалдар кооптуулугу жаралганда Жарандык коргонуу мамлекеттик тутумун даярдыкка келтирүү, элди кырсыктан куткаруу жана аларды ар тараптуу камсыздоо иш-чараларын уюштуруу теорияларына тактоо киргизилди.

Машыгуунун негизги максаты – Жарандык коргонуу кызматтарынын фукнционалдык милдеттерин тактап, тиешелүү иш-чараларды тез арада уюштурууга үйрөтүү. Аталаган иш-чарага министрликтер, ведомстволор, Президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрү, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары, Жарандык коргонуу уюмдары катышууда.

Алар Жарандык коргонуу мамлекеттик тутумунун иштөөсүн “Жогорулатылган даярдык” жана “Өзгөчө кырдаал” режимдерине өткөрүү, күч-каражаттарын даярдыкка келтирүү, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу, кесепеттерин жоюу, авариялык-куткаруу, квалификацияларын жогорулатуу иштерин тажрыйба жүзүндө аткарышты.

Мындан сырткары мащыгууда ири жол кырсыктары катталганда жарандарды куткаруу жана медициналык алгачкы жардам көрсөтүүнү иш жүзундө үйрөнүштү.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу