Жаңылыктар
04.11.2024 18:45
Кароолор: 356
ӨЛКӨДӨ НӨШӨРЛҮҮ ЖААНДАН УЛАМ КООПТУУ ТАБИГЫЙ ПРОЦЕССТЕРИ АКТИВДЕШҮҮСҮ МҮМКҮН
ШАШЫЛЫШ БИЛДИРҮҮ
НӨШӨРЛҮҮ ЖААНДАН УЛАМ КООПТУУ ТАБИГЫЙ ПРОЦЕССТЕРИ АКТИВДЕШҮҮСҮ МҮМКҮН
2024 жылдын 5-8 ноябрь күндөрү туруксуз аба-ырайына жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу, КР ӨКМге караштуу Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү, божомолдоо департаментинин божомолдук материалдырына ылайык, республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда, айрыкча Чүй облусунун Чуй, Ысык-Ата, Аламүдүн, Сокулук, Москва, Жайыл, Кемин жана Панфилов райондорунда, Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл, Түп жана Тоң райондорунда, Нарын облусунун Кочкор, Нарын, Ак-Талаа, Ат-Башы жана Жумгал райондорунда, Талас облусунун Ч.Айтматов, Бакай-Ата, Манас жана Талас райондорунда, Жалал-Абад облусунун Чаткал, Ала-Бука, Аксы, Ноокен, Токтогул, Базар-Коргон, Сузак жана Тогуз-Торо райондорунда, Ош облусунун Өзгөн, Кара-Кулжа, Кара-Суу, Араван, Ноокат, Чоң-Алай жана Алай райондорунда, Баткен облусунун Кадамжай, Баткен жана Лейлек райондорунда, ошондой эле Бишкек, Ош шаарларынын аймактарында кооптуу табигый процесстердин активдешүүсүнө алып келиши мүмкүн.
Республиканын унаа жолдорунун участкаларында, айрыкча:
Ош-Исфана унаа жолунун 78, 125-138, 149-245, 337-354 чакырымдарында;
Кербен-Ала-Бука-Каныш-Кыя 2-5, 12-13, 22-24;
Бишкек-Ош 221-251,9, 285, 342-348, 358-362, 400, 411-426, 614-632, 647-658, 86-87, 90-94, 96-107, 110-114, 197-199, 203-209 чакырымдарында;
Бишкек-Торугарт 111-117, 119-122, 121-125, 240-247-250, 400-423, 429-430, 433, 439-539, 452-468, 531-532, 293, 299-313, 351-354 чакырымдарында;
Ош-Баткен-Раззаков унаа жолунун 64-78, 125-138, 149-190 чакырымдарында;
Ош-Сары-Таш-Иркештам унаа жолунун 23-29, 39, 43-49, 59-65, 68-74, 78-80, 121-124, 133;
Мырзаке-Кара-Шоро унаа жолунун 18-28, 32-37, 44-56 чакырымындарында;
Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 41-43, 50-55, 63-75, 81-105, 108-116, 107-116, 120-125 чакырымындарында;
Кербен-Ала-Бука-Каныш-Кыя унаа жолунун 2-4, 12-13, 22-24 чакырымындарында
Балыкчы-Ананьево-Каракол 174 чакырымындарында;
Казарман-Нарын 16-30, 34-45, 63-68 чакырымындарында;
кооптуу болгон табигый процесстердин сел жана таш кулоо процесстери активдешүүсү мүмкүн.
Республика жарандарын жана айдоочуларды этият болууга жана коопсуздук чараларын сактоого чакырабыз. Өзгөчө кырдаалдар пайда болгон учурда жергиликтүү ӨКМ органдарына кайрылууңуздарды өтүнөбүз.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР