Жаңылыктар

22.05.2024 16:06

   Кароолор: 458

ӨЛКӨДӨ НӨШӨРЛҮҮ ЖААН ЖААШЫ КҮТҮЛӨТ! СЕЛДИН АЛДЫН АЛЫП, АРЫКТАРДЫ ТАЗАЛАҢЫЗ!

❗️ӨЛКӨДӨ НӨШӨРЛҮҮ ЖААН ЖААШЫ КҮТҮЛӨТ

 

🔹СЕЛДИН АЛДЫН АЛЫП, АРЫКТАРДЫ ТАЗАЛАҢЫЗ!

 

2024-жылдын 24-26-май күндөрү туруксуз аба-ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.

Мындан улам, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жарандарды сак болууга, арыктарды тазалап, жээгин бекемдөөгө чакырат. Жергиликтүү бийликтин карамагында турган сел өтүүчү канал, сайларды көзөмөлгө алып, жарандык коргонуу кызматтарынын күч-каражаттарын даяр абалда кармоо сунуштайт.

Кырсык катталган учурда күнү-түнү 112 номерине байланышыңыз. Чалуу акысыз.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу