Жаңылыктар
19.09.2023 12:15
Кароолор: 643
Өлкөдө аба ырайы кескин өзгөрүп, нөшөрлүү жаан, кар жаашы күтүлөт
ӨЛКӨДӨ АБА ЫРАЙЫ КЕСКИН ӨЗГӨРҮП, НӨШӨРЛҮҮ ЖААН, КАР ЖААШЫ КҮТҮЛӨТ
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Кыргызгидромет кызматы шашылыш билдирет!
2023-жылдын 20-22-сентябрь күндөрү өлкөнүн аймагында аба-ырайы кескин өзгөрүп, 20-сентябрда көпчүлүк аймактарда жаан жаап, айрым жерлерде катуу жаашы, күн күркүрөшү, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.
Аба ырай
21-22-сентябрда жана 23-сентябрда түнкүсүн абанын температурасы төмөндөйт.
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 5…10°, күндүз 12…17°;
Талас өрөөнүндө түнкүсүн 1…6°, күндүз 11…16°,
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн 7…12°, күндүз 15…20°,
Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн 1…6°, күндүз 9…14°,
Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн 1…6°, айрым жерлеринде -1…-3° үшүк жүрүшү күтүлөт, күндүз 9…14°,
республиканын тоолуу райондорунда түнкүсүн -2° сууктан…+3° чейин, күндүз 4…9°,
бийик тоолордо түнкүсүн -6…-11°, күндүз -2° сууктан…+3° чейин болушу күтүлөт.
Мындай туруксуз аба-ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону, айыл чарба жумуштарын кыйындатат.
Урматтуу жарандар! Коопсуздук эрежелерин так сактаңыз!
Кырсык катталган учурда "112" бирдиктүү кызматына байланышыңыз.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР