Жаңылыктар
08.10.2025 11:26
Кароолор: 51
ӨЛКӨДӨ "КЫРСЫКТАРДЫН ТОБОКЕЛДИГИН АЗАЙТУУ КҮНҮ" БЕЛГИЛЕНҮҮДӨ
Бишкекте бүгүн, 8-октябрда жыл сайын белгиленүүчү “5-октябрь - Кырсыктардын тобокелдигин азайтуу күнүнө” карата VI илимий-практикалык конференция өтүүдө.
Өзгөчө кырдаалдар министринин биринчи орун басары Азамат Мамбетов башында турган бул эл аралык иш-чарага Бириккен Улуттар Уюмунун Кыргызстандагы Туруктуу координатору Антье Граве, Европа Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун Бишкектеги Программалык кеңсесинин Экономика жана экология бөлүмүнүн башчысы Рати Джапаридзе жана ошондой эле Бириккен Улуттар Уюмунун Европа жана Борбор Азиядагы табигый кырсыктардын тобокелдигин азайтуу боюнча башкармалыгынын аймактык кеңсесинин башчысы Наталья Алонсо келишти.
Конференцияда “Кырсыктардын тобокелдигин азайтуу тутумуна эл аралык тажрыйбаны интеграциялоо” темасынын алкагында баалуу билимдери менен бөлүшүп, дүйнөлүк климаттын өзгөрүү шартында табигый кырсыктарга туруктуулукту жогорулатуу, алдын ала даярдыкты чыңдоодогу маанилүү маселелер боюнча тажрыйба алмашышууда.
Мындан тышкары Дүйнөлүк банк, БУУнун Өнүктүрүү программасы жана башка бир катар дүйнөлүк уюмдар, тажрыйбалуу эксперттер, ошондой эле ӨКМ кызматкерлери катышты.
Иш-чара ЕККУнун каржылык колдоосу менен өткөрүлүүдө.
Өзгөчө кырдаалдар министринин биринчи орун басары Азамат Мамбетов куттуктоо сөзүн сүйлөдү. Ал өз сөзүндө бул күндүн жарандардын коопсуздугу, айлана-чөйрөнү коргоо жана туруктуу өнүгүү үчүн жалпы жоопкерчиликтин символу катары маанилүүлүгүн баса белгиледи.
“Климаттын өзгөрүшү, экосистеманын кунарсыздыгы жана техногендик коркунучтардын көбөйүүсү кырсыктардын тобокелдигин азайтууга активдүү мамилени талап кылат.
"Бүгүнкү дүйнө болуп көрбөгөндөй кыйынчылыктарга туш болууда. Биз өзгөчө кырдаалдарга эффективдүү жооп кайтаруу менен гана чектелбестен, мүмкүн болуучу зыяндар минималдуу болгон шарттарды түзүшүбүз керек”, - деди Мамбетов.
Анын айтымында, КР Өзгөчө кырдаалдар министрлиги заманбап мониторинг жана эрте эскертүү технологияларын жигердүү киргизүүдө, коомдук даярдыктын тутумун жакшыртууда, ведомстволор аралык кызматташтыкты чыңдоодо.
“Биздин максат – ар бир жаран коопсуздукту камсыздоодо өзүнүн ролун түшүнгөн, ар кандай чакырыктарга даяр, туруктуу мамлекетти куруу. Эл аралык демилгелерди жана долбоорлорду ишке ашыруу жарандык коргонуунун улуттук системасын мындан ары өнүктүрүү үчүн бекем негиз түзөөрүнө ишенебиз”, - деп билдирди биринчи орун басар.
Өз кезегинде Антье Граве айым өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча улуттук механизмдерди колдоо боюнча БУУнун ишмердүүлүгү жөнүндө айтып берди.
Конференцияда кызматташтыкты бекемдөөгө жана бул жаатта жаңы ыкмаларды иштеп чыгууга өзгөчө көңүл бурулууда.
ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР