Жаңылыктар

27.01.2025 18:02

   Кароолор: 345

ӨЛКӨ БОЮНЧА 1 ЖУМАДА КАТТАЛГАН КЫРСЫКТАР БОЮНЧА МААЛЫМАТ

Республика боюнча 1 жумада 83 өрт кырсыгы катталып, жалпы 97 бөлүм тартылган. Анын ичинен 2 ири өрт кырсыгы болгон.

1. Бишкектеги көп кабаттуу үйдөн чыккан өрттөн 60 адам эвакуацияланса;

2. Чүйдөгү мечиттен чыккан өрт 900 чарчы метр аянтты жалмаган.

Куткаруу кызматынан 18 жолу куткарууга чыгышкан.

Бишкек-Ош унаа жолунда 2 жерге кар көчкү түшүп, 6 жеңил унааны, 1 спринтерди басып калган. Кар көчкүнүн астынан 4 адамды куткарышып, 138 жаранга ысык тамак берүү түйүнү уюштурулган. ӨКМден жалпы 18 куткаруучу катышкан.

Бишкек-Ош унаа жолунан жалпы көлөмү 170 577 метр куб кар көчкү атайын атып түшүрүлдү. ӨКМден жалпы 10 кызматкер тартылган.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу