Жаңылыктар
07.11.2025 22:06
Кароолор: 7
ӨЛКӨ БАШЧЫГА ЫРААЗЫЧЫЛЫК БИЛДИРГЕН СУУЧУЛДАР
КР Президенти Садыр Жапаров Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Суучулдарды даярдоо жана суунун алдындагы техникалык иштерди аткаруу борборунун кызматкерлерине сый көрсөттү.
Алардын катарында Ысык-Көлдөгү браконьерчиликке каршы күрөшүү иш-чараларын бирге алып барган Ички иштер жана Жаратылыш ресурстары, экология, техникалык көзөмөл министрликтеринин кызматкерлери да бар.
Президент Ысык-Көлдүн түбүндөгү аңчылык торлорун жана таштандыларды тазалоо жумуштарын үзгүлтүксүз алып барган түйшүктүү, кооптуу иштерин баалоо жана мекемелер аралык кызматкелердин өз ара кызматташтыгын, ынтымагын, биримдигин бекемдөө максатында сый тамак аземин уюштурду.
Өз фондунан каражат бөлдүрүп, мотивациялык колдоо көрсөтүп жаткан өлкө башчысына Суучулдар кызматы, Ички иштер жана Жаратылыш ресурстары, экология, техникалык көзөмөл министрликтеринин кызматкерлери ыраазычылык билдирди.. Мындан ары да жооптуу иштерин өлкө үчүн жана жаш муундардын келечеги үчүн тынымсыз уланта берерин кубануу менен белгилешти.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР