Жаңылыктар

10.11.2023 09:13

   Кароолор: 1152

ӨЛКӨ АЙМАГЫНДАГЫ МААЛЫМАТ КАРАЖАТТАРЫ, ЖУРНАЛИСТТЕР СЫЙЛАНДЫ

СЫЙЛЫК – СЫЙМЫК

ӨЛКӨ АЙМАГЫНДАГЫ МААЛЫМАТ КАРАЖАТТАРЫ, ЖУРНАЛИСТТЕР СЫЙЛАНДЫ

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги “7-ноябрь – Маалымат жана басма сөз күнүнө” карата өлкө аймагындагы массалык маалымат каражаттарын жана министрлик менен тыгыз иштеген өкүлдөрүн сыйлады.

Жыл ичинде куткаруучулардын эл үчүн кылган эмгегин, ӨКМдеги алдыга кадам таштаган орчундуу окуяларын, жаңы ачкан тарыхый барактарын, өнүгүүсү тууралуу жаңылыктарды коомго байма-бай чагылдырып келишет. Ааламдашуу заманында өлкө үчүн анын ичинде министрликтин аткарган ишин чагылдыруу да маанилүү.

Андыктан өлкөнүн өнүгүүсүнө салым кошкон төртүнчү бийликтин ээлерине Өзгөчө кырдаалдар министри, генерал-майор Бообек Ажикеевдин атынан “Аскердик-жарандык кызматташтыкты чыңдагандыгы үчүн” төш белгилери, “Ардак” грамоталары, “Ыраазычылык” каттары ыйгарылды.

Белгилей кетсек, бул күн жалпыга маалымдоо каражаттарынын, басмакана өнөр жайынын, радио жана телекөрсөтүү кызматкерлеринин кесиптик майрамы катары ошол кездеги Кыргыз Өкмөтүнүн 1993-жылдын 1-ноябрындагы токтому менен кабыл алынган. Тарыхка кылчайсак, 1924-жылдын 7-ноябрында кыргыз элинин улуттук гезити «Эркин-Тоо» кыргыз тилинде алгачкы саны жарык көрүп, анын редактору Осмонкул Алиев эле. Ал эми гезиттин түптөлүшүнө салымы зор элибиздин чыгаандары Касым Тыныстанов, Ишеналы Аарабаев, Аалы Токомбаев сыяктуу бир катар инсандарыбыздын макалалары жарыяланган.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу