Жаңылыктар

22.03.2024 10:05

   Кароолор: 337

ӨЛКӨ АЙМАГЫНДА ЖЕР ТИТИРӨӨНҮН ТОЛКУНУ 4 БАЛЛГА ЖЕТТИ

ӨЛКӨ АЙМАГЫНДА ЖЕР ТИТИРӨӨНҮН ТОЛКУНУ 4 БАЛЛГА ЖЕТТИ

 

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, бүгүн саат 9:47де Тажикистандын аймагында очогунда күчү 5 магнитудасына жеткен жер титирөө катталган.

Ал эми Ош облусунун Чоң-Алай районунун Кара-Тейит, Карамык, Шибе айылдарында 4 балл, Дароот-Коргон, Жар-Башы, Жаш-Тилек айылдарында 3 баллга (Кара-Тейит айылынан 16 чакырым түштүк чыгышта, Карамык айылынан 15 чакырым түштүктө, Баткен шаарынан 124 чакырым түштүк чыгышта) чейин сезилген.

Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөнүн кесепетинен жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу