Жаңылыктар
12.04.2024 14:33
Кароолор: 280
ӨЛКӨ АЙМАГЫНДА ЖЕР ТИТИРӨӨ КАТТАЛДЫ
КР Сейсмология институтунун Өзгөчө кырдаалдар министрлигине берген маалыматына ылайык, 12-апрель күнү саат 14:13тө Кытай Эл Республикасынын аймагында очогунда күчү 6 баллга жеткен жер титирөө катталган.
Жер титирөө Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Бедел, Ыштык айылдарында 3 баллга (Бедел айылынан 42 чакырым түштүк чыгышта, Каджи-Сай айылынан 158 чакырым түштүк чыгышта) чейин сезилген.
Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР