Жаңылыктар
05.06.2024 12:23
Кароолор: 398
ӨЛКӨ АЙМАГЫНДА ЖЕР ТИТИРЕДИ
КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык бүгүн, саат 11:27де Кыргыз Республикасынын аймагында MSK-64 шкаласына ылайык очогунда күчү 3 магнитудасына жеткен жер титирөө катталган (энергетикалык класс К=8,0).
Жер титирөө Ош облусунун Өзгөн районунун, Куршаб айылында 2,5 баллга чейин сезилген. (Кушаб айылынан 3 чакырым түндүк батышта, Мырза-Арык айылынан 7 чакырым түндүк батыштан, Өзгөн шаарынан 15 чакырым тундүк батыштан, Жалал-Абад шаарынан 31 чакырым түндүк чыгыштан, Ош шаарынан 37 чакырым түндүк чыгышта).
Алдын ала маалымат боюнча жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР