Жаңылыктар
30.07.2024 14:27
Кароолор: 288
ӨЛКӨ АЙМАГЫНДА СЕЛ ЖАНА СУУ ТАШКЫНДАРЫ КҮТҮЛҮҮЧҮ УЧАСТКАЛАРДА ИЗИЛДӨӨ ИШТЕРИ ЖҮРҮҮДӨ
Өлкө аймагында аба-ырайы үзгүлтүксүз байкалып, нөшөрлөгөн жамгырдан,мөңгү же кардын тез ээришинен сел жана суу ташкындары күтүлүүчү участкаларды ӨКМдин атайын комиссиясы менен биргеликте министрликке караштуу “Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү” департаментинин, “Сел жана суу ташкындарынан коргоо” кызматынын адистери изилдөө жана өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу боюнча иштерин жүргүзүүдө.
Бүгүн Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында сел өтүүчү сайларды, потенциалдуу кооптуу участкалары жеринде изилденүүдө.
Иш-чаранын жүрүшүндө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана тиешелүү кызматтарга өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу боюнча тапшырмалар коюлду.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР