Жаңылыктар
21.05.2025 21:28
Кароолор: 175
ӨЛКӨ АЙМАГЫНДА ЭКИ ЖОЛУ ЖЕР ТИТИРЕДИ
КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, саат 19:41де Кыргызстан менен Казакстан мамлекеттеринин чектешкен аймагында очогунда күчү 3 магнитудага жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөө Ысык-Көлдүн Түп районунун Каркыра, Сан-Таш айылдарында 3 баллга (Каркыра айылынан 7 чакырым түндүккө, Каракол шаарынан 65 чакырым түндүк чыгышка) чейин сезилген.
Ошондой эле саат 20:26да өлкө аймагында ылайык очогунда күчү 3 магнитудага жеткен жер титирөө болду.
Жер титирөө Жалал-Абаддын Ноокен районунун Тоскоол айылында 2,5 баллга (Тоскоол айылынан 8 чакырым түндүк батышка, Майлуу-Суу шаарынан 15 чакырым чыгышка) чейин сезилди.
Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөлөрдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР