Жаңылыктар

05.01.2024 09:42

   Кароолор: 789

ӨЛКӨ АЙМАГЫНДА 3,5 БАЛЛДЫК ЖЕР ТИТИРӨӨ КАТТАЛДЫ

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 5-январда саат 00:51де Кыргыз Республикасынын аймагында очогунда күчү 3,5 магнитудасына жеткен жер титирөө катталган.

Жер титирөө Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кызыл-Бейит айылында 2,5 баллга чейин сезилген. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу