Жаңылыктар
24.01.2024 09:06
Кароолор: 661
ӨЛКӨ АЙМАГЫНДА 2 ИРЕТ ЖЕР ТИТИРӨӨ КАТТАЛДЫ
КР Сейсмология институтунун Өзгөчө кырдаалдар министрлигине берген маалыматына ылайык, 24-январь күнү саат 01:11де Кытай Эл Республикасынын аймагында очогунда күчү 2.5 баллга жеткен жер титирөө катталган.
Ал эми Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Ыштык айылында 2.5 , Тоң районунун Кажы-Сай айылында 2,5 баллга (Ыштык айылынан 38 чакырым түштүк чыгышта, Кажы-Сай айылынан 147 чакырым түштүк чыгышта) чейин сезилген.
Ошондой эле жер титирөө Кытай Эл Республикасында саат 02:38де кайталанып, күчү 6.5 баллга жеткен. Кыргызстандын Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Ыштык, Кара-Сай, Бедел, Ак-Шыйрак айылдарында 3 баллга (Ыштык айылынан 64 чакырым түштүк чыгышта, Кажы-Сай айылынан 165 чакырым түштүк чыгышта) чейин сезилген.
Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
Учурда республиканын жер титирөө катталган аймактарында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери жарандык коргонуу комиссиясы менен биргеликте тактоо иштерин жүргүзүүдө.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР