Жаңылыктар
12.04.2025 12:05
Кароолор: 327
ОКУУЧУЛАР МЕНЕН ӨРТ- ТАКТИКАЛЫК МАШЫГУУ ӨТКӨРҮЛДҮ
Апта соңунда Нарындын Ат-Башы району боюнча өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн өздүк курамы Ача-Кайыңды айылынын Ой-Терскен орто мектебинин окуучулары, мугалимдери менен өрт-тактикалык машыгуусун өткөрүштү.
Түзүлгөн сценарийде көрсөтүлгөндөй, мектептин 2-кабатында жабыркаган окуучуга дарыгерлердин жардамы көрсөтүлдү. Ал эми кырсык учурунда өзүн алып жүрүүнү, алгачкы өрт өчүрүүчү шаймандарын колдонууну үйрөнүштү.
Машыгуунун жаш катышуучулары кызыккан суроолорун берип, куткаруучулук кесиптин күнгөй-тескейин кызыгып угушту.
Бул кесиптин ээси болууну кыялданган окуучуларга өрт өчүрүүчү автоунаанын жабдууларын тааныштырып, мекенчилдикке үндөй кетишти.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР
https://www.facebook.com/share/v/19NYTrfi6d/