Жаңылыктар

10.07.2025 14:00

   Кароолор: 165

ОКУУ ЖАЙДАГЫ ИРИ ӨРТ ӨЧҮРҮЛДҮ, БИР АДАМ ТҮТҮНГӨ УУЛАНГАН

Бишкек шаарынын Биринчи Май районундагы Бөкөнбаев көчөсүндө жайгашкан музыкалык мектеп-интернатынан чыккан өрт саат 13:22де өчүрүлдү. Өрттүн аянты болжолдуу 1000 чарчы метрди түздү.

ӨКМдин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын нөөмөтчүсүнүн берген маалыматына ылайык, өрттүн кесепетинен бир жаран түтүнгө ууланып, тез жардам кызматы тарабынан биринчи медициналык жардам көрсөтүлдү. Абалы жакшы.

Белгилей кетсек, жеринде ӨКМден 4 күжүрмөн эсеп, штаб жана Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунан 2 офицер иш алып барды.

Андан тышкары Ички иштер министрлигинен 20 кызматкер, 2 экипаж жана тез жардам кызматынан 1 бригада тартылган.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу