Жаңылыктар

17.05.2025 18:22

   Кароолор: 237

ОКУУ-ИЗИЛДӨӨ БОРБОРУ КҮЧ ТҮЗҮМДӨРҮНҮН КЫЗМАТКЕРЛЕРИН ОКУТУУНУ УЛАНТУУДА

ӨКМге караштуу Окуу-изилдөө борбору министр, генерал-майор Бообек Эргешевич Ажикеевдин тапшырмасы менен 2025-жылга Жарандык коргонуусун даярдоо планынын негизинде КР Коргоо министрлигинин, Ички иштер министрлигинин жана Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын Жарандык коргонуу түзүмдөрү менен Чүй облусунун Москва районунун аймагында окууларын улантты.

Бул окутуунун алкагында Жарандык коргонуу түзүмдөрү менен өзгөчө кырдаалдар катталган убакта иш аракеттери, өзгөчө кырдаалдарда жабыркаган жарандарга биринчи медициналык жардам көрсөтүү, жарандарды урандылардын арасынан издөө жана куткаруу, куткаруучу шаймандар менен иштөө, куткаруу иштери убагында коопсуздук чараларын сактоо багытында теориялык жана практикалык сабактар өткөрүлүүдө.

Окутуулар республиканын баардык аймагында улантылмакчы.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу