Жаңылыктар
14.05.2025 22:00
Кароолор: 304
ОКУУ-ИЗИЛДӨӨ БОРБОРУ КҮЧ ТҮЗҮМДӨРҮНҮН КЫЗМАТКЕРЛЕРИН ОКУТУУДА
ӨКМге караштуу Окуу-изилдөө борбору министр, генерал-майор Бообек Эргешевич Ажикеевдин тапшырмасы менен 2025-жылга Жарандык коргонуусун даярдоо планынын негизинде КР Коргоо министрлигинин, Ички иштер министрлигинин жана Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын Жарандык коргонуу түзүмдөрү менен Чүй облусунун аймагында окууларын улантууда.
Бул окутуунун алкагында Жарандык коргонуу түзүмдөрү менен өзгөчө кырдаалдар катталган убакта иш аракеттери, өзгөчө кырдаалдарда жабыркаган жарандарга биринчи медициналык жардам көрсөтүү, жарандарды урандылардын арасынан издөө жана куткаруу, куткаруучу шаймандар менен иштөө, куткаруу иштери убагында коопсуздук чараларын сактоо багытында теориялык жана практикалык сабактар өткөрүлүүдө.
Мындай окутуулар ушул жылдын 7-18-апрель күндөрү Нарын облусунун аймагында КР Ички иштер министрлиги жана Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы менен өткөрүлгөн.
Окутуулар республиканын баардык аймагында улантылмакчы.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР