Жаңылыктар

21.05.2024 11:31

   Кароолор: 929

ӨКМге ТЕЗ ЖАРДАМ УНААЛАРЫ БЕРИЛДИ

🇰🇬🇰🇷КЫРГЫЗСТАН – КОРЕЯ КЫЗМАТТАШТЫГЫ

 

ӨКМге ТЕЗ ЖАРДАМ УНААЛАРЫ БЕРИЛДИ

 

Үстүбүздөгү жылдын 21-май күнү, Өзгөчө кырдаалдар министрлигине Кореядан алып келинген тез жардам унаалары тапшырылды. Салтанаттуу иш-чарага министр, генерал-майор Бообек Ажикеев, куткаруучулар жана Корея Республикасынын Кёнги провинциясынын Өрткө каршы кызматынын Комиссары Чо Сон Хо мырза башында турган атайы делегация катышты.

Тараптардын орун алган жолугушуусунда министр Бообек Ажикеев берилген тез жардам унаалары үчүн терең ыраазычылык билдирип, эки өлкөнүн ортосундагы кырсыктардын алдын алууда, кесепеттерин жоюудагы өз ара кызматташтык ырааттуу жана активдүү динамикада өнүгүп келе жатканын баса белгиледи.

“Берилген атайы унаалар адам өмүрүн сактап калууда эң зарыл техника болуп саналат. Мындан сырткары жакынкы аралыкта дагы эки тез жардам унаасы менен камсыз кылуу маселеси каралып жатканы бизди кубандырат. Бул аракеттер ӨКМдин автопаркын толуктап, мүмкүнчүлүгүн кыйла жогорулатат”-, деп билдирди.

Жолугушуунун алкагында Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен Корея Республикасынын Кёнги провинциясынын Өрткө каршы кызматынын ортосундагы мындан аркы ар тараптуу, жемиштүү, тыгыз кызматташуу келишимине кол коюулду.

Өз кезегинде Корея Республикасынын Кёнги провинциясынын Өрткө каршы кызматынын Комиссары Чо Сон Хо мырза министрге жылуу кабыл алуу жана меймандостугу үчүн ыраазычылык билдирип, ынак достуктагы кызматташууну мындан ары да өнүктүрүү үчүн чоң потенциал бар экендигин баса белгиледи.

Жолугушуунун соңунда тараптар эки өлкөнүн анын ичинде өзгөчө кырдаалдардын алдын алууга багытталган аракеттер натыйжалуу болоруна ишеним артышты.

ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу