Жаңылыктар

20.12.2024 16:01

   Кароолор: 538

ӨКМге ТАБИГЫЙ ӨЗГӨЧӨ КЫРДААЛДАРДАН КОРГОНУУ СУНУШТАРЫ ТҮШҮҮДӨ

Элдик Курултайда Мамлекет башчысы Садыр Жапаровго, Жогорку Кеңештин Төрагасы Нурлан Шакиевге жана аткаруу бийлигинин өкүлдөрүнө 7 дубандын делегаттары социалдык-экономикалык маселелерин, көйгөйлөрүн жеткирүүдө.

Учурда мамлекеттин жаркын келечеги тууралуу түрдүү пикирлер, көз караштар айтылып, максаттарды кантип ишке ашыруу, кыргыз эли биримдикте өлкөнү өнүктүрүү маселелерин көтөрүп жатышат.

Жыйын учурунда Өзгөчө кырдаалдар министрлигине аймактан келген катышуучулардан 37 кайрылуу түштү. Алсак, калктуу аймактарды сел-суу ташкындарынан коргоочу дамбаларды куруу, айдоо аянттарын бекемдөө максатында жээктерди бекемдөө, өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюуда жарандардын аткарчу милдеттери кандай деген маселелер менен кайрылышты.

Белгилей кетсек, Курултайдын биринчи бөлүгү бүгүн саат 19:00гө чейин уланып, 150 делегатка сөз берилип, 2 күнгө созулат.

#курултай2024

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу