Жаңылыктар
11.02.2025 17:55
Кароолор: 126
ӨКМге РАДИОАКТИВДҮҮ ЗАТТАРДЫ ТАШУУЧУ УНАА РАСМИЙ ТАПШЫРЫЛДЫ
Бүгүн, 11-февралда Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Республикалык адистештирилген комбинаты мамлекеттик мекемесине радиоактивдүү заттарды ташууга багытталган ISUZU NQR 90 L үлгүсүндөгү адистештирилген (спец) унаасы расмий тапшырылды.
Тапшыруу аземине Өзгөчө кырдаалдар министринин биринчи орун басары Азамат Мамбетов, Кыргыз Республикасынын Президентинин администрациясынын башкы эксперти Гүлүмкан Бектурова жана министрликтин өздүк курамы катышты.
Жүк көтөрүмдүүлүгү 5 тоннаны түзгөн бул унаа радиоактивдүү калдыктарды атайын контейнерде ташуу үчүн колдонулуп, зыяндуу заттарды коопсуз алып өтүүдө зарыл элементтер менен жабдылган.
Унааны тапшырып жатып сөз сүйлөгөн башкы эксперт аталган техника Кыргызстанга Атомдук Энергия боюнча эл аралык агенттиги (МАГАТЭ) аркылуу АКШнын Энергетика министрлиги тарабынан гуманитардык жардам катары келгенин билдирди.
Өз кезегинде Азамат Мамбетов өлкө аймагында радиоактивдүү материалдарды, медицина тармагындагы химиялык зыяндуу заттарды ташып-көмүүдө белгиленген талаптардын аткарылышын камсыз кылуу менен Республикалык адистештирилген комбинаттын иштөө шарттарын жеңилдетүүгө өбөлгө түзүлгөнүн белгиледи.
Ошондой эле ал Кыргызстанда уран калдыктарын жоюу иш аракеттеринин жүрүшүндө мындай техниканын алынышына салым кошкон Министрлер Кабинетине, АКШнын Энергетика министрлигине ыраазычылык билдирип өттү.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР