Жаңылыктар
16.10.2023 10:08
Кароолор: 389
ӨКМге МИ-8 МТВ ТИК УЧАГЫ АЛЫНДЫ
17-октябрь күнү Президент Садыр Жапаров Өзгөчө кырдаалдар министрлигине көп максаттуу Ми-8 МТВ тик учагын тапшырат.
Белгилей кетсек, тик учак Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин менен Өлкө башчысы Садыр Жапаровдун сүйлөшүүсүнүн негизинде Кыргызстанга берилди.
ӨКМдин өзгөчө кырдаалдарда мүмкүнчүлүгүн арттырган тик учактын артыкчылыктары тууралуу кеңири маалымат берилет.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР