Жаңылыктар

24.07.2025 14:46

   Кароолор: 998

ӨКМге ЭКИ ТИК УЧАК АЛЫНАТ

Өзгөчө кырдаалдар министри, генерал-майор Бообек Ажикеев Кыргызстанга дагы эки жаңы тик учак айлынып келерин билдирди:

"Ассалому алейкум, мекендештер!


Сиздер менен жакшы кабар бөлүшөйүн деп турам.
Президентибиз Садыр Жапаровдун түз тапшырмасы менен ӨКМди заманбап, ыкчам кызмат катары өнүктүрүү боюнча иштер уланууда.


🚒 Акыркы жылдары:
• ондогон өрт өчүрүүчү автоунаалар, оор техника алынды
• сапаттуу куткаруучу шаймандар жана кийим-кечелер берилди
• жаңы имараттар салынып, шарттар жакшырды


🚁 Өз авиациялык базабыз түзүлдү. Азыр ӨКМде үч тик учак бар. Алардын бири өлкөбүзгө белек катары келген.


📌 Эми болсо эң негизги жаңылык — дагы эки заманбап тик учак алынып жатат!


📍 Кыргызстанга Түштүк Кореянын банкынын делегациясы келип, келишимдин финалдык шарттары жана техникалык-экономикалык негиздемеси боюнча сүйлөшүү жүрүп жатат.
Бул — адам өмүрүн сактоо жана келечектеги жоготууларды алдын алуу боюнча стратегиялык кадам.
Ишенем: бул инвестиция эл үчүн мындан да баалуу жыйынтык берет!"

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу