Жаңылыктар

31.01.2024 15:15

   Кароолор: 1898

ӨКМге АТАЙЫ ТЕХНИКАЛАР ЖАНА КУТКАРУУ ШАЙМАНДАРЫ ТАПШЫРЫЛДЫ

2024-жылдын 31-январь күнү, Бишкек шаарынын Т.Усубалиев атындагы эски аянтында Өзгөчө кырдаалдар министрлигине кезектеги атайы техникалар жана куткаруу шаймандары КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Камчыбек Ташиевдин катышуусунда тапшырылып, салтанаттуу аземге Өзгөчө кырдаалдар министри, генерал-майор Бообек Ажикеев баш болгон өздүк курам катышты.

Өз сөзүндө Камчыбек Ташиев: «Бүгүнкү күндө мамлекеттин колдоосу менен Өзгөчө кырдаалдар министрлигине заманбап атайын техникаларды өткөрүп берип жатабыз. Мен бир кезде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде иштегем жана ошол кездеги министрликтин техникалык жабдыктарын жакындан билген, көргөн адам катары азыр абал көп эсе жакшы жакка өзгөрдү деп ишенимдүү айта алам», - деп билдирди.

Бул ирет ӨКМге республикалык бюджеттин эсебинен 35 млн сомго табигый жана техногендик кырсыктардын кесепеттерин жоюуда колдонулуучу акыркы үлгүдөгү куткаруу шаймандары алынды. Апаат болгон жерде түнкүсүн электр энергиясы жок шартта ыкчам куткаруу иштерин жүргүзүүгө ылайыкталган күн энергиясы, дизелдик күйүүчү май менен иштей турган жарык бергичтер (прожектор), кубаттуу бетон, темир кескичтер, өрт кырсыгында көп кабаттуу имараттарга чыгууда колдонуулучу үч муунактуу тепкичтер, урандылардын астында куткаруу ишине керектелүүчү кол шайманы, “Халматро” гидравликалык авариялык-куткаруу шаймандарынын топтому алынды.

Мындан сырткары ири кырсыктын очогунда күнү-түнү авариялык-куткаруу ишин ыкчам жүргүзүп, куткаруучулардын талаа шартында жашоосу үчүн алынган үйлөнмө чатырлар керебеттер, ашкана буюмдары, көчмө жуунуучу жайлар, стол, стулдар, жылыткычтар менен жабдылган. Ага катар

өзгөчө кырдаалдын кесепеттерин жоюудагы иш-аракеттерди башкаруудагы штабга керектелүүчү компьютердик техникалар, видеокамералар, спутниктик байланыш каражаттары, дрондор алынды. Ошондой эле тоо куткаруучулары үчүн атайы шаймандар менен да толукталды.

Өлкөнүн бюджетинен Өзгөчө кырдаалдар министрлигине мындан сырткары жүк көтөрүмдүүлүгү 30 тонналык , татаал шарттарда иштөөгө ылайыкталган “БЕЛАЗ-7540В” 10 карьердик жүк ташуучу унаа тапшырылды.

Ага катар Кореянын Эл аралык “KOICA” кызматташтык агенттиги аркылуу гранттык негизде “Хюндай Старекс” үлгүсүндөгү 10 тез жардам унаасы, өзгөчө кырдаал жана кырсык болгон аймакта авариялык-куткаруу жана башка кечиктирилгис иштерди аткарууга ылайыкталган “Тойота Хайлюкс” үлгүсүндөгү 4 пикап авариялык-куткаруу унаасы, 5 тонна суу жана 500 литр көбүк бата турчу “ИСУЗУ” 4 өрт-өчүрүүчү унаасы берилди.

Баса белгилей кетсек, Түркия мамлекетинен кайтарымсыз негизде суучулдардын тереңдикте коопсуз иштөөсүнө шарт түзүп берген 1 комплект барокамера берилди. Бул камера суучулдарыбыздын өмүрүнө , ден-соолугуна эң керектүү жабдык болуп саналат.

Техникаларды расмий тапшыруудан кийин Камчыбек Ташиев Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин борбордук аппаратына барды. Анда ал жалпы кызматкерлердин иши менен жакындан таанышып, кырсыктардын алдын алууда, адам өмүрүн сактоодо натыйжалуу иштерди күчөтүү зарылдыгын айтып, министрликтин ишине ийгиликтерди каалады.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу