Жаңылыктар
26.05.2024 10:26
Кароолор: 446
ӨКМдин ЖООКЕРЛЕРИ КЫЗМАТ ӨТӨӨ УЧУРУНДА КОШУМЧА АДИСТИККЕ ЭЭ БОЛУШУУДА
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри, генерал-майор Бообек Ажикеевдин демилгеси менен, Республикалык өзүнчө куткаруу отрядында мөөнөттүү аскер кызматкерлери кызмат өтөө учурунда кошумча адистикке окутуу иш-чаралары уюштурулган.
Анткени заман талабына ылайык аталган кесиптерге суроо талап жогору болууда. Ошондой эле үй тиричилигинде жана жеке жашоодо да чоң артыкчылыктарды камсыздайт.
Республикалык өзүнчө куткаруу отрядынын 3-өзүнчө издөө куткаруу отрядына 2023-2024 чакырылган мөөнөттөгүү аскер кызматкерлерине кызмат өтөө учурунда Баткен мамлекеттик №57 кесиптик лицейинде 3 (үч) айлык мөөнөттө теориялык жана практикалык сабактар өткөрүлүп, ата-энелеринин жардамында контрагы төлөнүп, 13 жоокерге ширетүүчү кесиптери боюнча сертификаттар тапшырылды.
Ал эми тил үйрөтүү боюнча отряд офицерлерине, прапорщиктерге, сержант жана мөөнөттүү аскер кызматкерлерине англис жана түрк тилдеринде сабактар өткөрүлүп жатат.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР