Жаңылыктар

28.03.2024 11:52

   Кароолор: 267

ӨКМдин ЖООКЕРЛЕРИ КЫЗМАТ ӨТӨӨ УЧУРУНДА КОШУМЧА АДИСТИККЕ ЭЭ БОЛУШТУ

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри, генерал-майор Бообек Ажикеевдин демилгеси менен Республикалык өзүнчө куткаруу отрядында мөөнөттүү аскер кызматкерлери кызмат өтөө учурунда кошумча адистикке окутуу иш-чаралары уюштурулган.

Республикалык өзүнчө куткаруу отрядынын 2023-жылдын күзгү мөөнөткө чакырылган аскер кызматкерлерине кошумча адистикке окутуу максатында, Ош мамлекеттик №12 кесиптик лицейи менен келишим түзүлүп, 2023-жылдын 18-декабрынан тартып окутуу башталган.

Бүгүнкү күндө мөөнөттөгү аскер кызматкерлерине 3 (үч) айлык мөөнөттө теориялык жана практикалык сабактар өткөрүлүп, натыйжада 16 сантехник, 7 ашпозчу, 9 чачтарач жана 13 ширетүүчү кесиптери боюнча сертификаттар тапшырылды.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу