Жаңылыктар
25.01.2024 13:21
Кароолор: 296
ӨКМдин ЖООКЕРЛЕРИ КЕСИПКЕ ЭЭ БОЛУП ЧЫГЫШАТ
Өзгөчө кырдаалдар министри, генерал-майор Бообек Ажикеевдин демилгеси менен ӨКМдин аскердик бөлүктөрүндө кызмат өтөгөн мөөнөттөгү аскер кызматкерлери кызмат ичинде бир кесиптин ээси болуу менен бирге англис тилин өздөштүрүү боюнча билим алууда.
Республикалык өзүнчө куткаруу отрядынын жаш жоокерлери Ош шаарында жайгашкан №12 кесиптик лицейинде ашпозчу, чач-тарач, ширетүүчү, сантехник адистиктери боюнча 3-айлык мөөнөттөгү курсту окушууда.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР